Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

“Урматтуу мекендештер!
18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү.
Бул күн бизге кыргызстандык мигранттардын, ошондой эле Кыргызстандагы мигранттардын Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 15-апрелинде “1990-жылдын 18-декабрындагы бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Мыйзамды кабыл алуу менен Конвенцияга кошулган. Ушул жылы Женевада (Швейцария) Министрликтин өкүлдөрү башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча экинчи улуттук докладды коргошту. Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасы мындан ары да чет өлкөлөрдөгү мигранттарды коргоо принциптерин бекем карманаарын белгилегим келет.
Бүгүн, биз Эл аралык мигранттар күнүндө мигранттардын коомубузга кошкон баа жеткис салымын белгилөө жана таануу менен бирге, миграциянын коом, үй-бүлөлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрүн жана кыйынчылыктарын белгилей алабыз.
Биздин эмгек мигранттарынын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы абдан чоң. Жарандарыбыздын чет өлкөдөн акча которуулары өлкөбүздүн экономикасын колдоого жардам берет.Бул өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда айкын болду.
Өз тарабынан мамлекет өзүнүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн да, Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн да эң ыңгайлуу шарттарды түзүү деп эсептейт. Буга далил болуп Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгы саналат, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясатынын концепциясы 2021-2030-жылдарга иштелип чыккан жана бекитилген. Концепция миграция, өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттардын, артыкчылыктуу багыттардын, милдеттердин тутумун камтыйт жана адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого негизделген.
Бүгүнкү күндө миграция жаатындагы кызматтардын көбү санариптештирүүгө өтүп жатат, мисалы, чет өлкөлүк жарандар үчүн иштөөгө уруксат алуу электрондук форматка өттүдө, “Санариптик көчмөн” ийгиликтүү ишке ашырылууда, «Мекен-карт» статусу дагы берилип жатат. Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдуу ишке орноштуруу жолу менен чет өлкөлөрдө ишке орноштуруунун географиясын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүүдө.
Миграция үй-бүлөгө пайда алып келген менен, канчалаган балдар ата-эненин камкордугу жок аялуу чоңоюшууда. Алардын айрым бөлүгү биздин министрликтин камкордугунда. Министрлик Кыргызстанда жумуш орундары көбөйүп, жарандарыбыз өз мекенинде, үй-бүлөсүнө, балдарына, ата-энелерине жакын жашап, иштеши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.
Учурдан пайдаланып, коомубуздун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мекендештерибизге дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирип, бул күн тилектештиктин жана бири-бирин сыйлоонун маанилүүлүгүн эскертип турсун!”.
Возможно, это изображение 1 человек
Пайдалуу
Ссылкалар