Кесиптик окутууну аяктагандардын 62% ишке орношкон-Эмгек министри Гүлнара Баатырова

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова №100 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземине катышты.
Окуучулар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон электрик жана электргаз ширетүүчү кесиптерге ээ болушту.
Анын айтымында, Эмгек министрлиги эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоо үчүн өлкөнүн 100 кесиптик лицейлери менен кызматташуу келишимдерин түзгөн.
«Бизде колледждер, университеттер жана окуу борборлору менен да ушундай келишимдер бар. Министрлик аркылуу эмгек рыногунда эң көп талап кылынган 125 кесипти үйрөнүүгө болот. Алардын арасына электрик, электргаз ширетүүчү кесиптери кирет. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө кесиптик лицейде чач тарач адистиги ачылып, бул кесип да суроо-талапка ээ.
Жыл башынан бери жалпысынан 8,5 миңден ашуун кыргызстандыктар иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Алардын 62% ишке орношкон”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар