Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өттү

КР Министрлер Кабинетине караштуу майыптар боюнча кеңешинин кезектеги жыйынында “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Отурум Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун төрагалыгы астында өттү.
Кеңештин отурумунда мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен бирдикте республикадагы майыптуулугу бар адамдардын абалын жакшыртуу, алардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгү, турак жайга болгон укуктары тууралуу маселелери талкууланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, майыптыгы бар чоңдорго жана балдарга карата мамлекеттик саясат ратификацияланган эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. «Жеткиликтүү өлкө» программасынын артыкчылыктуу багыттары болуп инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө жеткиликтүүлүк, майыптуулукту медициналык-социалдык баалоону оптималдаштыруу, реабилитациялоо жана абилитациялоо, жеткиликтүү билим берүү жана эмгек рыногу, протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо саналат. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин ишин модернизациялоонун алкагында Россия, Германия жана Кытайдын алдыңкы өндүрүүчүлөрү менен кызматташуу уюштурулду. Мекемеде заманбап “КИБИ” протездери даярдалууда, мамлекеттик бюджеттен 1 млн. 800 сом бөлүнүп былтыр 13 балага берилген.
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишин оптималдаштыруу боюнча көп иштерди пландап жатат. Коррупцияга каршы күрөшүү максатында бардык комиссиялар видеокамералар менен жабдылат. «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында экспертизаны жөнөкөйлөтүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө», – деди ал.
Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар адамдарга жигердүү колдоо көрсөткөндүгү жана ак ниет эмгеги үчүн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сыйлыктары менен сыйланышты.
Пайдалуу
Ссылкалар