Эмгек министрлиги менен Коргоо министрлигинин ведомстволор аралык жолугушуусу болуп өттү

 

Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда 1993-99-жылдары тажик-афган чек арасында кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына акчалай компенсация төлөө маселесин кароо боюнча ыкчам жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бул аскер кызматкерлерине ай сайын акчалай компенсация 2024-жылдын январь айынан тарта төлөнүп баштайт. Ай сайын акчалай компенсация Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыгында  өздүк паспорту жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин архивдик маалымкаты, ошондой эле аскердик билетинде тажик-афган участогунда кызмат өтөгөндүгү тууралуу жазуу болгон учурда дайындалат.

Жыйында арыз кабыл алууда, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери төмөнкү маселелерге туш болуп жаткандыгы айтылды:

  • Архивдик маалымкаттагы тажик-афган аскер кызматчынын аты-жөнү паспортунда жазылган аты-жөнү менен дал келбегендиги, туулган жылы тууралуу белгилердин жоктугу;
  • Тажик-афган аскер кызматчынын аскердик билетинде тажик-афган участогунда кызмат өтөгөндүгү тууралуу белгинин жоктугу.
  • КР Коргоо министрлигинин архивдик маалымкатында тажик-афган аскер кызматчылары өтөгөн аскердик бөлүмдөр тууралуу маалыматтын жоктугу;
  • Тажик-афган аскер кызматчынын аскердик билетинин жоктугу.

 

Аталган жолугушуунун жыйынтыгында, жогоруда белгиленген жана башка боло турчу маселелерди карап, чечип берүүчү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдында ведомстволор аралык комиссия түзүү сунушталды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар