Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын эмгек инспекциялары эмгекти коргоо боюнча тажрыйба алмашышты

20-декабрда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын эмгек инспекцияларынын аймактык кызматташтыктарын чыңдоо боюнча алгачкы аймактык конференция старт алды.
Үч өлкөнүн делегациялары, Жогорку Кеңештин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана жарандык сектор эмгекти коргоонун негизги аспектилерин, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, миграция, климат, жашыл экономика жана майыптыгы бар адамдардын эмгек рыногуна кирүүсүнө көмөктөшүүдө эмгек инспекцияларынын ролун талкуулашты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу аймактагы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
“Кыргыз Республикасынын Эмгек инспекциясынын ишмердүүлүгү кыргызстандыктардын эмгек укуктарын коргоого багытталган. Жыл башынан бери Эмгек инспекциясынын кызматкерлери жыл башынан бери 22,5 миллион сомдон ашык суммада төлөнбөгөн эмгек акыларды алууга жардам беришкен. Кырсыктардан жабыркагандарга төлөнүүчү компенсациянын суммасы 123 миллион сомдон ашты. Эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 4,5 миллион сом өлчөмүндө айып өндүрүлгөн», – деди ал.
Депутат Динара Ашимова бул конференция өнөктөштүктү тереңдетүү жана тажрыйба алмашууда маанилүү кадам экенин белгиледи.
«Азыркы өзгөрүп жаткан дүйнөдө эмгек инспекцияларынын ортосундагы кызматташтык коопсуздукту камсыз кылуунун жана жумушчулардын укуктарын коргоонун негизги факторуна айланып, заманбап чакырыктарга натыйжалуу жооп кайтарууга жардам берет», – деди ал.
Конференциянын жыйынтыгында үч өлкөнүн инспекцияларынын ортосундагы кызматташуунун стратегиялык планы иштелип чыгып, эмгек нормалары жана стандарттары жаатындагы аймактык координацияны күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдарга негиз боло турган резолюцияга кол коюлат.
Пайдалуу
Ссылкалар