Президенттик Жаңы жылдык балаты

«Биз билим менен илим аркылуу гана өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти курууга жетишебиз. Андыктан силер – билимдүү жаштар өлкөнүн интеллектуалдуу потенциалы, келечектин үмүтү жана таянычы болуп бересиңер», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, жыл сайын өтүүчү балдарга арналган Жаңы жылдык балаты иш-чарасында.
Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен 8 жаштан 14 жашка чейинки социалдык-стационардык мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардан каржыланган борборлордун балдары болуп жаңы жылдык оюн-зоокко катышууга жолдомо алышкан.
Пайдалуу
Ссылкалар