Министр Гүлнара Баатырова: Ар бир өзгөчө баланы камкордук менен курчоо маанилүү
Бүгүн, 26-декабрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Беловодскийдеги психневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин балдарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Азыркы учурда интернатта 203 бала жашайт, алардын 126 – балдар, 77 – кыздар.
“КР Президенти С.Н. Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан өзгөчө балдарга көңүл бурулууда. Өткөн жылдан бери тамак-ашка бөлүнгөн каржылоонун көлөмү жогорулап, балдардын рационуна мөмө-жемиштерди, ширелерди жана токочторду көбүрөөк киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Министрлик өз кезегинде биздин интернаттардагы балдарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын, жашоо шартынын сапатын, бөлмөлөрдүн жылуулугун, тамак-аш, дары-дармек, оюнчуктар менен камсыз болушуна көзөмөл жүргүзүп келет. Мамлекет ар бир баланы өзгөчө камкордукка, коргоого жана көңүл бурууга аракет кылат”, – деди Гүлнара Баатырова.
Министр балдарга куттуктоосун айтып, жаңы жылдык белектерди тапшырды.
Ошондой эле балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулду.
подарки.
2023-12-26