Эмгек министрлиги: 1,9 миң адам “санариптик көчмөн” макамын алышты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, “санариптик көчмөн” («Digital nomad») макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор 2022-жылдын 29-сентябрынан тарта ишке ашырылууда.
Бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистер укуктуу. “Санариптик көчмөн” макамына арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия Федерациясынын жарандары бере алышат.
«Санариптик көчмөн макамын алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат, ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алат.
Азыркы учурда “санариптик көчмөн” макамы 1975 чет өлкөлүк жаранга берилген.