Министр Гүлнара Баатырова бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 29-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жыл жыйынтыгы менен, кызматтык милдеттерин аткаруудагы кесипкөйлүгү, жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлерди “Социалдык коргоонун отличниги”, Ардак грамоталары жана Ыраазылык каттары менен сыйлады.
Гүлнара Баатырова сыйлыктарды тапшыруу учурунда өлкөбүздүн социалдык тармагына кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн кызматкерлерге ыраазычылык айтып, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
Пайдалуу
Ссылкалар