2023-жылы «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун 146 633 бала алды, – Эмгек министрлиги

2024-жылдын 1-январына карата 146 633 төрөлгөн балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө республикалык бюджеттен 584,0 миллион сом бөлүндү. Анын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн 28 балага 1, 4 млн сом төлөндү.

Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.

 

Өткөн жылга салыштырмалуу 2023-жылы “балага сүйүнчү” жөлөкпулун төлөөгө каржылоо 61,2 млн.сомго көбөйгөн.

2022-жылы 130 200 балага 522,8 млн сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 40 балага 2,0 млн. сом сом бөлүнгөн.

 

Маалымат катары:

  • “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;
  • “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндун ичинде банктык эсепке түшөт;
  • жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

Эскертүү: жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Суроолор боюнча байланыш номер: 0312 312 502

 

Пайдалуу
Ссылкалар