2024-жылдын 1-январынан баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жогорулады, – Эмгек министрлиги

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.
2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуусу каралган. Башкача айтканда, жөлөкпулдун өлчөмү 100%га жогорулады (1000 сомдон 2000 сомго чейин). Жогорулатууга чейин жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3600 сомду түзсө, 2024-жылдын 1-январынан тартып 7500 сомду түзөт.
Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Возможно, это изображение 1 человек и текст «кош бойлуулук жана терет боюнча желек пулдун елчему жогорулады»
Пайдалуу
Ссылкалар