Эмгек министрлиги: Бир жылда 13 миң жаран протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздалган 2

2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 13 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздаган.
Мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күндө мекемеде ортопедиялык бут кийимдердин сапаты жана моделдери жакшыртылган, протездерди жасоодо заманбап технологиясы менен жасалган пневматикалык тизелер, карбондук тамандар колдонулууда. Алсак, мекеменин протезисттери биринчи жолу электроникасыз иштеген, суудан коркпогон балдар үчүн заманбап активдүү “Киби” кол протездери жалпысынан 13 балага жасалып берилген, жалпы суммасы 1,8 млн.сомду түзүп, толугу менен мамлекеттен каржыланды. Дагы 13 балага Киби протездери жасалды. Заманбап жана жеңил протез “Сколково” инновациялык борборунун резиденти болгон “Моторика”компаниясынын компоненттеринен жасалууда.
РПОБМнин имаратында 1987 жылдан бери капиталдык ремонт жасалган эмес. РПОБМнин жана “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун кызматташыгынын алкагында мекеменин имаратында толугу менен ондоп түзөө иштери жүргүзүлүп, вентиляциялар оңдолуп, сырткы фасадтар жасалып жана өндүрүш цехтери оңдолууда
Возможно, это изображение очки для зрения, эспадрильи и шляпный магазин
Пайдалуу
Ссылкалар