Эмгек  министрлиги: 13,3 миңден ашуун адам чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө коопсуз ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.

Бүгүнкү күндө Россияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жумушка орношууга болот.

Жыл ичинде 13,319 миң адам, анын ичинде 4,4 миң аялдар Министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бардык жарандар алдын ала окуудан өтүштү. Дагы 129 миң адам миграциялык маселелер боюнча кеңештерди алышты.

Пайдалуу
Ссылкалар