Эмгек министрлиги: Кесиптик окутууга жиберилген жарандардын 62% ишке орношкон

2023-жылы 8,5 миңден ашык кыргызстандык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жумушсуз жарандарды окутуу, негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар – компьютер оператору, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С билими бар бухгалтери, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник, аары багуучулук жана башка.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуудан өткөндөрдүн 62% ишке орношкон.

Мындан тышкары, бир жыл ичинде 12 миңден ашык адам убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жөнөтүлгөн.

Жалпысынан 2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги акы төлөнүүчү коомдук иштер жана кесиптик окутуу менен 20 миңден ашык жумушсуз жарандарды камтыды.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар