Эмгек министрлиги: 2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйгөндүгү жөнүндө маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 26-декабрь 2023-жылдагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн.

Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт, алардын ичинен:

* 18 жашка чейинки балдар – 194 адам;

* майыптыгы бар адамдар – 215 адам;

* ата-энелер-2 адам.

Пайдалуу
Ссылкалар