Эмгек министрлиги: “Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда майыптыгы бар адамдардын эл аралык эмгек укуктарын илгерилетүү” долбоорунун экинчи фазасына старт берди

2023-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандагы «Солидарити» борбору менен биргеликте уюштурган “Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда майыптыгы бар адамдардын эл аралык эмгек укуктарын илгерилетүү” долбоорунун экинчи фазасы старт алып, үч өлкө ортосундагы аймактык кызматташтыкты бекемдөө максатында тегерек отурум өткөрүлдү.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, мэриянын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар билим алууга жана эмгекке жеткиликтүүлүктү жакшыртууга басым жасоо менен майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын принциптерин аткаруунун максаттарын жана стратегияларын талкуулашты. Үч өлкөдө майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн чечүүдө жана алардын эмгек укуктарын илгерилетүүдө тажрыйба алмашуу жана регионалдык кызматташууга көмөктөшүү зарыл экендиги белгиленди.
КР ЖК депутаты Камила Талиева майыптуулугу бар адамдардын укуктарын илгерилетүү үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи.
“Тажрыйба алмашуу жана коңшу өлкөлөрдүн адамдардын укуктарына тиешелүү мыйзамдык базаны жакшыртуу жана колдонуудагы мыйзамдардагы ченемдердин аткарылышын жакшыртуу үчүн мыкты тажрыйбаларды кабыл алуу зарыл” – деди Камила Талиева.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана тиешелүү ченемдик укутук актыларда белгиленген ченемдердин аткарылышы боюнча статистикалык маалымат берди. “Биздин өлкөдө 212 миңден ашык майыптыгы бар жарандар катталган, анын ичинен 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектенет. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрликтин ишке орноштуруу кызматтарында 999 мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоого алынып, 226 адам жумушка орноштурулган. Ошондой эле 141 адам кесиптик окууга, 280 адам коомдук акы төлөнүүчү ишке жөнөтүлгөн,” – деди ал.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда БУУнун майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын принциптерин илгерилетүү боюнча кызматташуунун Стратегиясы жана иш-чаралар планы менен резолюция кабыл алынды.
Резолюция аймактык консультациялык-маалыматтык топту түзүүнү, майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча иш-чараларды өткөрүүнү, билим алууга жана ишке орноштурууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну, маалыматтык кампанияларды өткөрүүнү жана тажрыйба алмашууну камтыды.
Пайдалуу
Ссылкалар