«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылынын иши тууралуу маалымат

  Борбордун психолог – кызматкерлери:

 – телефон аркылуу күнү – түнү  кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт);

– чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, анкета толтурушат, бардык сүйлөшүүлөр жазылат, сунуш беришет, кабыл алынган билдирүүлөр тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга алардын компетенциясына ылайык кайрылууларды кабарлайт.         

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылы (январь – декабрь) 77079 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 211,  бир айда 6423 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2264 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 670 (29,6%) жаш балдар, ал эми 1594 (70,4% чоң кишилер), 1774 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 270 абонентке психологиялык консультация берилген, 220 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2264 чалуунун  ичинен эркектерден – 416 (18,4%), аялдардан – 1178 (52,0%), эркек балдардан – 178 (7,9%), кыздардан – 492 (21,7 %). 

539 (балдар 11) же 23,8% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптыгы, кош бойлуулук жана төрөт, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул чектөө жана төлөө, бала асырап алуу, камкордукка алуу, камкорчуну алмаштыруу, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, жеке ассистент, майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык кызматтар, майыптык кресло-коляска берүү, МСЭКдан кайра өтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жеңилдиктер, ИТБалдар мекемелерге,  Кризистик борборго, «Келечек» реабилитациялык борборго жайгаштыруу, башка ССМге которуу, жалгыз бой кары адамга үйдөн социалдык кызмат көрсөтүү, РЭСКМБгынын кызматкеринин коштоосу, социалдык контракт, санатодук – курорттук дарыланууга, балдар лагерине жолдомо алуу, балдардын эмгегин колдонуу учурда, «Баатыр эне» наамы менен сыйлоо, социалдык турак жай менен камсыздоо жөнүндө кайрылышкан.

289 (балдар 39) абонент же 12,8% чалып, финансылык, гуманитардык, юридикалык жардам, мүлктү каттоо, үй куруп берүү жана турак жай, ипотека алуу, аракечтик болгон учурда, тоноодо, адашканда, электр жарыгын коштуруу, коммуналдык тейлөөгө жеңилдик, ID жана чет элдик паспорт, балага туулган тууралуу күбөлүк, ЖОЖдан аныктама алуу, досуна жардам берүү, апасы, чоң энеси,  кызы, туугандары менен байланышуу, аяз атаны чакыруу, андан белек алуу, 102 Кызматынын кызматкерлерин чакыруу, «Түндүк» мампорталга катталуу жөнүндө, психологдун, юристин, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

288 (балдар 201) кайрылгандар же 12,7% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара  мамилеси жөнүндө суроолор түзгөн. Алар балдар ата – энеси, эжеси, жээни, достору, классташтары, теңтуштары менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, мектептеги буллинг, баласына, досуна, чоң энесине, окууга, досуна тынчсыздануу, жаман адат, жыныстык тарбия, ата-эненин ажырашуусунун кесепети, баланын тили чыгуу, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, ата – энесин сагынуу, досун издөө, 11 – класска чейин окууну улантуу, досторунун жоктугу, өзү, досу жөнүндө аңгеме, экзамен, мектепке баргысы келбегендик тууралуу чалуулар түшкөн.

Психологиялык жабырлануудан 247 (балдар 189) же 10,9% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна коркунуч, стресс, таарыныч, депрессия, капалануу, тынчсыздануу, зомбулуктун кесепети, ата-энесинин, өгөй атасынын баалабагандыгы, колдобоосу жана көңүл бурбоосу, чарчоо, уйкусуздук, кайгы, сүйүү сезимдери, агрессия, апатия, жалгыздык, үй-бүлөсү, досу, классташтары менен  пикир келишпестик, балдардын  жүрүм – туруму, эмоционалдык чарчоо, кесип тандоо, окуудагы, социализациядагы көйгөй, ажырашуу, сүйүүнүн жоктугу себеп болгон.

165 (балдар 73) же 7,3% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй атасы, агасы, эжеси, чоң энеси, өгөй энеси, туугандары, классташы, жогорку класстын окуучулары, теңтуштары, кошунасы, жигити, мугалими, мектеп окуучулары, ижарага берүүчү, дүкөндүн ээси, сатуучусу, белгисиз эркек тарабынан, белгисиз адамдан ыдык болгонун кабарлаган.

Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 141 (балдар 18) же 6,2% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата-энеси, чоң энеси, чоң атасы, туугандары, келини менен кайын сиңдиси, мурунку күйөөсү менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, ата – энелердин ажырашуусу, балдардан баш тартуу, баланы туугандарга берүү, алимент төлөбөгөндүк, баласы, эжеси менен жолугууга тыюу салуу, ата – энелик укуктан ажыратуу, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү себеп болгон.

Билим берүү системасы жөнүндө 119 (балдар 15) же 5,3% абонент чалып, мектептин директоруна, администрациясына, бала бакчага, класс жетекчиге, мугалимге, акча чогултууга даттанган, мектепке, бала бакчага, майыптыгы бар баланы көмөкчү мектепке орноштуруу, бала бакчага төлөө акысы, 1 – класска электрондук каттоо жана кезек күтүү, «Санарип сабак» программасы менен окуу, окуу графигин өзгөртүү, классташтары менен пикир келишпестик, аныктама берүүдөн баш тарткандык, аттестаттын жоктугу, сабактарды калтыруу жөнүндө сураган.

91 (балдар 15) же 4,0% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, атасы, баласы, мурунку күйөөсү, өгөй атасы, агасы, кызы, кайнатасы, ойношу, күйөө баласы, балдызы, туугандары, белгисиз эркек тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлаган, никеге турууга мажбурлоо боюнча консультация сураган.

91 (балдар 47) же 4,1% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.

86 (балдар 21) же 3,8% кайрылуу балдарга карата ата – эне тарабынан кайдыгер мамиле жөнүндө болгон.

82 (балдар 25) же 3,6% чалуулар ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (БҮИТ Борбордун кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү, мамлекеттик каттоо жана архитектурада үйдү каттоо, мүлк бөлүштүрүү, эксгибиционисттин жүрүм – туруму, «Түндүк»  мампорталы, психолог кесиби, соцтармактардагы коркутуу, жолду кесип өтүү коркунучу, медресеге окуганга тыйуу салуу, мамлекеттик тилде телекөрсөтүүлөрдү берүү, порносайттарды жабуу, насыя алуу, электр жарыгын өчүрүү, зомбулуктун алдын алуу, кекечтиктен арылуу, паспортун кайтарып алуу, карыздан кутулуу, ишеним кат түзүү, картадан баланска каражат которуу, таанышын чакырып берүү, кошунасына, белгисиз эркекке, мобилдик О! операторуна даттануу, телефон аркулуу байланыштын көйгөйү, итти куткаруу, өзү жөнүндө аңгеме, балдардын шоктугу).

60 (балдар 4) же 2,7% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (ЖӨБИ, РИИБ, ИИМ, Прокуратуранын, соттун, МСЭКтин, РЭСКМБтын, айыл өкмөттүн, суу чарбасынын, «Тазалык» МИ, РЭТнын, иш берүүчүнүн, «Таберик» балдар музыкалык борборунун жетекчисине, пансионаттын, маданият үйүнүн директоруна, коомдук транспорттун айдоочусуна, соода борборунун администрациясына).

52 (балдар 6) же 2,3% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган (доктурга, медициналык кызматка жеңилдик жана дарыларга баалардын жогору болгонуна даттануу, привикадан кепилдик алуу, медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу, палатадан чыгаруу, ден соолугунун көйгөйү, реанимациялык бөлүмгө киргизүү, тез жардам кызматын чакыруу туралуу).

10 (балдар 5) же 0,4% суицид жөнүндө чалган (ата – энелер тарабынан зомбулук көрсөтүлгөндүктөн жана кайдыгер мамиле жасагандыктан, коркуудан, бала чактагы травмадан).

4 (балдар 1) абонент же 0,2% мектептеги рэкет жөнүндө билдирген (жогорку класстын окуучулары тарабынан).

74815 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Түшкөн 2264 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   – 665 (29,4%);

– Чуй облусунан – 346 (15,3%);

– Ош облусунан – 211 (9,3%);

– Жалал – Абад облусунан – 206 (9,1%);

– Ош шаарынан –121 (5,3%);

– Ысык – Көл облусунан – 102 (4,5%);

– Баткен облусунан – 79 (3,5%);

– Нарын облусунан – 65 (2,9%);

– Талас облусунан – 52 (2,3%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 417 (18,4%).

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

220 кабарланган билдирүүнүн ичинен 153 (69,4%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  62 (28,1%) – ички иштер органдарына,  билим берүү органдарына – 1 (0,5% ), ӨКМ – 2 (0,5%), башкага мекемеге– 2 (1,0%) жөнөтүлгөн.

 Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү. 

220 кабарланган билдирүүнүн ичинен:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 31 факты анык болгон (9 бала үй-бүлөдөн алынган, анын ичинен: 7 бала убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 бала ооруканага жаткырылган; 2 бала ата  энесинин бирөөсүнө берилген, 4 бала туугандарына камкордукка берилген, 1 факты боюнча аял мурунку күйөөсүнө РИИБ арыз жазган, 9 үй – бүлө менен РШЭСКБ жана РШИИБнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн,  6 факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат), 27 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 16 кайрылуу каралууда;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 16 факты анык болгон (4 аялга коргоо ордери берилген, 3 аял Кризистик борборго жайгаштырылган, 8 аял күйөөсүнө РШИИБна арыз жазгандан баш тарткан, 1 факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат), РШЭСКБ жана РШИИБнүн кызматкерлери тарабынан бардык үй-бүлөлөр менен балдарды коргоо жана тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 6 факты аныкталган эмес;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 8 факты аныкталган (1 өспүрүм кыз үй-бүлөсүнөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 кыз үйүнө жеткирилген), 5 үй-бүлө менен жеринен балдарды коргоо жана тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, ал эми 12 факты аныкталган эмес, 11 кайрылуу каралууда;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча 2 бала апасына кайтарылып берилген, 2 жабырлануучуга коргоо ордери берилген, 2 абонентке консультация берилген, 1 факт аныкталган эмес;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери тарабынан 29 үй-бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган (1 бала ата-энесине кайтарылып берилген, 2 бала балдар борборуна жайгаштырылган, 1 жалгыз бой кары адамды соцкызматкерге коштоого бекитилген), 9 факты аныкталган эмес, 18 кайрылуу каралууда;

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу: 3 абонентке консультациялар жана сунуштар берилген (РШЭСКМБнын кызматкери тарабынан – 2, айыл өкмөтүнүн – 1);     

– суицид жөнүндө: 1 өспүрүм кыз психологиялык жардамдан кийин атасынын карамагына берилген, 1 кайрылуу каралууда;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара  мамилеси жөнүндө: 1 факт аныкталган эмес;

– башка маселе боюнча: 1 факт аныкталган эмес, себеби РИИБнын кызматкерлери мас абалдагы эркектерди тапкан эмес, 1 аңдуу боюнча факт аныкталган эмес;

– билим берүү системасы боюнча: 1 абонент КР Билим жана илим министрлигине кат жүзүндө мугалимге даттанган арыз менен кайрылган;

– мектептеги рэкет тууралуу: 1  факт аныкталган эмес.

2023 – жылы (2264 чалуу) түшкөн чалуулардын санын 2022 – жыл (2952 чалуу) менен салыштырганда, чалуулар 23,3%га азайган. Бирок быйылкы 2023 – жылы телефон аркылуу абоненттерге берилген консультациялардын убактысынын көбөйгөнү байкалып турат.       

Пайдалуу
Ссылкалар