Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгү каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгүн мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген Москва шаарында эркектин денеси табылгандыгы жөнүндө акипресс сайтында жарыяланган маалыматка карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Өкүлчүлүккө 2024-жылдын 10-январында Москва шаарында автоунаадан (Яндекс такси) болжол менен Кыргыз Республикасынын жараны болгон адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери туугандарына сөөктү алуу жана аны мекенине репатриациялоого даярдоо үчүн керектүү документтерди тариздөөдө көмөк көрсөтүштү. Болжолдуу түрдө сөөк 12.01.2024-жылы мекенине жөнөтүлөт. 25.11.1987-жылы туулган С.Н.Нтин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

КРнын Токтомуна ылайык маркумдун жакындарына 70,0 миң рубль өлчөмүндө сөөктү репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм берилет.

Пайдалуу
Ссылкалар