Жарандын кайрылуусу жеке кабыл алууда каралды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кароосуна Бишкек шаарынын тургуну, II топтогу майыптыгы бар Майрамкүл Төрөгелдиеванын кайрылуу каты келип түшкөн. Жаранга Министрлик тарабынан кайрылуу катында көрсөтүлгөн маселелердин тиешелүүлүгүнө жараша иш алып баруучу мамлекеттик органдар боюнча багыт берилди. Ошону менен бирге эле, М. Төрөгелдиевага майыптык тобун алуу үчүн медициналык социалдык эксперттик комиссиядан күбөлөндүрүүдөн өтүү жол жобосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, Төрөгелдиеванын турмуштук оор кырдаалына байланыштуу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева азык-түлүк түрүндөгү материалдык жардам көрсөттү.

Пайдалуу
Ссылкалар