Эмгек министри Гүлнара Баатырова аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын текшерди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева
“Кыргыз Республикасынын Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отурумуна катышышты.
Отурум Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өттү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өз сөзүндө төмөнкүгө токтолду. “Министрлер Кабинетинин курамынын 17% аялдар түзөт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана райондук акимдердин арасында аялдар жок. 452 айыл өкмөт башчыларынын 16 же 3,5% ын гана аялдар түзөт. Жаңы мыйзам долбоору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан берилген сунуш- пикирлерди эске алуу менен иштелип чыгат деп ишенем “, – деди ал.
Гүлнара Баатырова Министрлик иштеп чыгып жаткан аял лидерлерди илгерилетүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программасынын долбоору, аялдардын кадрлар резервин түзүү механизмдерин жана аял жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде насаатчылык системасын камтый тургандыгын кошумчалады.
Аталган мыйзамдын демилгечиси катары, Камила Талиева учурдагы кырдаалды жана мыйзам долбооруна келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен актуалдуу, сапаттуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу милдети турганын билдирди.
2024-01-17