Эмгек министри Гүлнара Баатырова Жайыл районундагы социалдык контракттын катышуучуларына барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл районундагы «Социалдык контракт» программасына катышып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды.

«Азыркы учурда Чүй облусунда 600дөн ашык үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзгөн болсо, анын ичинен 46сы Жайыл районунда жашайт. Биз бүгүн барган Жылдыз Жунушалиева сыяктуу үй-бүлөлөрдүн 70%ы мал чарба тармагында жеке бизнесин ачышкан. Беш баланын энеси музоолуу саан уй сатып алып, учурда сүт өндүрүүдөн айына 10 миң сомдон ашык киреше алууда.

Ал эми Гүлшайыр Журтчуева алган 100 миң сомго 3 тигүүчү машина сатып алып, кошумча жумуш орундарын түзүп, ай сайын 20 миң сомго чейин табат. Соода тармагындагы ийгиликтүү бизнестин мисалы катары чекене соодада айына 10 миң сомго чейин киреше тапкан Даанагүл Орозбаеванын үй-бүлөсүн айтсак болот», – дейт Гүлнара Баатырова.

Министрдин айтымында, бир жарым жылдын ичинде дээрлик 13 миң үй-бүлө өз бизнесин ачып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр категориясынан чыгып, 70 миңден ашык адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Быйыл 20 миң үй-бүлө жеке бизнесин ачуу үчүн ар бири 100 миң сомдон берүү пландалууда», – деп түшүндүрдү ал.

Пайдалуу
Ссылкалар