Гүлнара Баатырова жарандарды жеке кабыл алды

19-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова министрге жеке кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алды.
Министрликтин коомдук кабылдамасында Гүлнара Баатырова жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту.
Жарандар ата-энесиз калган балдардын укуктары, майыптык, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун дайындалышы, ашык иштеген саат үчүн эмгек акы төлөнбөгөндүгү жөнүндө, ошондой эле социалдык жөлөкпулдар боюнча суроолорун жана көйгөйлөрүн айтышты.
Министр бардык кайрылгандарга кеңири жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берип, ошондой эле министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн мыйзамдардын алкагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди.
Эскерте кетсек, жарандар ар жума күнү саат 09.00дөн 11.00гө чейин 0312 66 01 07 телефону аркылуу кабыл алынат.

 

Пайдалуу
Ссылкалар