Эмгек министрлиги: Балдардын майыптыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн кандай документтер керек

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат.

2021-жылдын күз айынан бери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен жөлөк пул эки этап менен 100%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ар бир балага айына 8000 сомду түзөт.

18 жашка чыга элек майыптуулук бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды алуу үчүн жашаган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл.

Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тарабынан берилет.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өзүнчө жашаса, анда арыз бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) жашаган жери боюнча берилет.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга кайрылууда кандай документтер керек:

  1. арыз ээсинин паспорту;
  2. баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу маалымат/күбөлүк ;
  3. жашаган/турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);
  4. медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалыматы.

 

Пайдалуу
Ссылкалар