Ысык-Ата райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

Ысык-Ата райондук Эмгек,  социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы 

Ысык-Ата райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт 

Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:

  • мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө;
  • Маектешүү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

  1. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет
  • Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим:  гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер.

  • Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Жалпы Мыйзамдарды билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 

Предметтик мыйзамдарды билүү

  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси

2) Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

 иш стажына талаптарды койбостон;

Жалпы Мыйзамдарды билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 

Предметтик мыйзамдарды билүү

  • Кыргыз Республикасынын «Балдар жѳнүндѳ кодекс;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

– билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө:
  • көндүмдөрү:
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же  соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
  • паспорттун көчүрмөсүн;
  • керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп,  2024-жылдын 17-январынан баштап 05– февралына  чейин,  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:  Кант шаары, Абдраимов кѳчѳсү 62,  Сурап билүү  тел.: (03132) 5-12-00. 

Пайдалуу
Ссылкалар