Эмгек министрлиги кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык коргоо департаментинин, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын  жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүдө.

Аттестациялык комиссиянын курамына Министрликтин жетекчилиги, Президенттик Аппараттын, мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, башкармалыктардын жетекчилери, көз карандысыз эксперттер кирди.

Мамлекеттик кызматчылардын аттестациялоонун максаты – анын кесиптик кызматтык ишине баа берүүнүн жана кызматтык жактан өсүү келечегинин негизинде ээлеген кызмат ордуна мамлекеттик кызматчынын кесиптик билиминин жана иш-тажрыйбасынын ылайык келишин аныктоо.

Аттестациядан 72 кызматкер өтүүдө.

Пайдалуу
Ссылкалар