“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылмандын күбөлүгү) менен ырастала турган адамдын укуктук статусунан тышкары, ошондой эле социалдык статусун караган “кайрылман” жана “кайрылмандын статусу” түшүнүктөрү кайра каралган.

Социалдык статус берүү жана ырастоочу документтин болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пайдалуу
Ссылкалар