Эмгек министрлиги: Жаңы мыйзам этникалык кыргыздарга социалдык жеңилдиктерди кепилдейт

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр кайрылмандардын социалдык жана укуктук статусун кепилдейт. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2024-жылдын 24-январында кол койгон.

Тактап айтканда, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга

мамлекет тарабынан кепилденген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, жөлөк пул жана пенсия алууга, билим берүүгө, ишке орноштурууга көмөктөшүүгө, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Кайрылмандын социалдык статусу ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет, анын курамына УКМКнын, ИИМдин, Эмгек министрлигинин жана калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген күбөлүк менен ырасталат. Документтерди кароо мөөнөтү-2 ай.

Жалпысынан эгемендүүлүк жылдарында республикага 75 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келип, анын 70 миңи Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Акыркы үч жыл аралыгында Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Кытай, Афганистан жана башка өлкөлөрдөн келген 1729 этникалык кыргыз кайрылман статусун алышты.

 

Пайдалуу
Ссылкалар