Эмгек министри Гүлнара Баатырова: “Киби” заманбап протез колдору үчүн 1,5 млн сом бөлүндү

 

Бүгүн, 26 – январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова заманбап “Киби” кол протездерин алган  балдар менен жолугушту.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде болуп өткөн жолугушууда кол протездери боюнча презентация жасалды.

“Бул “Киби” кол протездери Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин протезчи-техниктер тарабынан орусиялык “Моторика” компаниясынын – Сколково резидентинин компоненттеринен даярдалган. Былтыртан бери мындай заманбап протездер менен биз 26 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баланы бекер камсыздай алдык. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1,5 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттар тартылган.

Ошол эле учурда Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси 13 миңден ашык майыптыгы бар адамдарды, анын ичинен 5900 гө жакын балдарды тейлеп келет. Мекеме бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 150дөн ашык продукциянын түрүн даярдайт», – деди ал.

Жолугушууда колдонуучунун керектөөлөрүнө автоматтык түрдө ыңгайлашкан робототехника жана жасалма интеллект аркылуу протездөө тармагындагы заманбап ыкмалар талкууланды.

Пайдалуу
Ссылкалар