Эмгек министрлигинин эмгек жамааты кан тапшыруу акциясына катышты

Бүгүн, 26-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери республикалык кан борборуна кан тапшыруу акциясына катышты.
Акция муктаж болгон бейтаптар үчүн кандын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
Процедуранын алдында бардык катышуучулар медициналык текшерүүдөн өтүштү.
Кан жана кан продуктыларын куюу жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат. Бул өмүргө коркунуч туудурган шарттарда жапа чеккен бейтаптардын өмүрүн узартууга жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.
Пайдалуу
Ссылкалар