Эмгек министрлиги 2024-жылы республикалык бюджеттен кесипке багыт берүүгө 8,2 миллион сом бөлгөн

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” долбоорунун жыйынында билдирди.
«Долбоордун жүрүшүндө ишке орноштуруу кызматтары боюнча методикалык колдонмолор, жаштардын көндүмдөрүн аныктоо үчүн тесттердин ар кандай түрлөрү жана кесиптик багыт берүү боюнча жобо иштелип чыкты. Республика боюнча кесипке багыт берүүчү 9 борбор ачылып, алар да эмерек жана техника менен толук жабдылган. 2024-жылдан баштап бул жигердүү иш-чараны ишке ашырууга республикалык бюджеттен 8,2 млн сом бөлүнгөн », – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.
Министрдин айтымында, кызматташуунун маанилүү багыты эмгек рыногунун маалыматтык системасын ишке ашыруу болду, ал реалдуу убакыт режиминде жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушуна мониторинг жүргүзүүгө жана ишке орноштуруу жаатында онлайн кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
«Ошондой эле долбоордун алкагында «Zanyatost.kg» веб-порталы иштелип чыгып, анда республикадагы бардык бош орундар, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатындагы ченемдик-укуктук актылар, жаңылыктар жана кызмат көрсөтүүлөр жайгаштырылган», – деди ал.
Жыйында жумушсуз жаштарды стажировкадан өткөрүү, кайра кайтып келген эмгек мигранттарын ишке орноштуруу жана кесипке үйрөтүү, элеттик аялдарды эмгек рыногуна тартуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыз кылуу боюнча мурда ишке ашырылган иш-чараларды республика боюнча жайылтуусу талкууланды.
Возможно, это изображение 12 человек и текст «кудайбергенова 1 баатырова S гулнара маришовна S AKUNOVA MAMADIENAG»
Пайдалуу
Ссылкалар