Эмгек министрлиги: Бардык жатак үйлөрдө видеокамералар орнотулду

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Министрликтин улгайган жарандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду.

Мындай чара Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Эмгек, соцалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана кызмат алуучуларга  көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында берген тапшырмалардын негизинде ишке ашты.

Азыркы учурда 17 интернатта 2332 кызмат алуучу жашайт, анын ичинен 522си улгайган жарандар жана жалпы оорусу боюнча майыптыгы бар жарандар, 1810 адам психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин сапаттуу жана аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн Административдик Кырдаал борборуна социалдык стационардык мекемелерди кошуу иштери да жүрүп жатат.

Пайдалуу
Ссылкалар