Эмгек министрлиги: Социалдык контракт программасына катышкандардын дээрлик 30% га жакыны айына 40 миң сомго чейин айлык ала башташты

 

Буга чейин  аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзгөндөн кийин айына 40 миң сомго чейин киреше ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо  жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Социалдык контракт” программасы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ачууга мүмкүндүк берет.

2022-жылдын жай айынан баштап программага дээрлик 13 миңге жакын үй-бүлө катышып, алар республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алышкан.

Жалпы берилген сумма-дээрлик 1,3 млрд сомду түзөт.

“Социалдык контракт” Программасынын катышуучуларынын аракети менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.

 

Пайдалуу
Ссылкалар