Түп райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Түп райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү үчүн улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт 

(Каржы эсеп жана бухгалтердик эсеп секторунун  башкы адиси)

 Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим:   экономика жана башкаруу

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

Жалпы Мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү

  1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;
  4. кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаны шарттарына  адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Сынакка  катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, жарыяга чыккан күндөн баштап он  календардык  күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл облусу, Түп району,Түп айылы, Элебаев  көчөсү  №62.

Сурап билүү  тел.:(03945) 2-45-53, 0708926552

Пайдалуу
Ссылкалар