Жаңыл Алыбаева аялдардын республикалык “Биз биргебиз” форумуна катышты

«Биз биргебиз» аталышындагы аялдардын республикалык форуму өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин айым депутаттары Айсаракан Абдибаева, Шарапаткан Мажитова, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Лейла Лурова жана Жылдыз Садырбаева катышты.
Ошондой эле иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева жана өлкө аймактарынан келген айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, активист айымдар да келип, коомдук пикир алмашуу жүрдү.
Жолугушууда соңку убакытта коомчулукта резонанс жаратып жаткан кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук маселеси өзгөчө талкууга алынды. Андан тышкары, гендердик теңчилик, өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушунда аялдардын орду тууралуу кеңири маалыматтар айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар