Эмгек министрлиги ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча жаңы активдүү чараларды пилоттук түрдө өткөрүүсүн аяктады

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы активдүү эмгек рыногу боюнча чараларды пилоттук түрдө өткөрүүнү аяктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, иштелип чыккан жаңы чаралар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жаштарды, аялдарды жана кайтып келген эмгек мигранттарын иш менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган.

“Пилоттоштуруу 30 райондо жүргүзүлүп, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн машыктыруучуларын даярдоону камтыды, алар эми алган көндүмдөрүн республиканын калган райондоруна жайылтуусу керек. Кесиптик лицейлердин жана колледждердин базасында эң көп талап кылынган адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү даярдоо курстары маанилүү багыт болуп калды. Тактап айтканда, электр жана газ ширетүүчүлөрдү, сантехниктерди, тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, веб – иштеп чыгуучуларды даярдоо курстары, ишкердиктин негиздери жана айыл чарбасында жаңы технологияларды киргизүү боюнча курстар. Эми биз тажрыйбаны бүткүл республикага жайылтууга киришип жатабыз”, – деди ал.

20 миңден ашуун адамды камтыган жана оң натыйжаларды көрсөткөн пилоттоо Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

Пайдалуу
Ссылкалар