Эмгек министрлигинин Түп  башкармалыгы маалымдайт:  Каражаттарды мыйзамсыз коротуу фактысы боюнча документтер башкармалык тарабынан УКМКга убагында өткөрүлүп берилген

 

 

Түп Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы   финансы жана эсеп бөлүмүнүн кызматкери С.Н.Д.нын кармалышы боюнча,  финансылык мыйзам бузуулар аныкталган учурда,  документтер ыкчам түрдө УКМКга өткөрүлүп берилгенин билдирет.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз коротуу жана ысырап кылуу фактысы боюнча кармалган кызматкер  жумуштан четтетилген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, мындай фактылар табылган учурда текшерүүчү органдар менен активдүү кызматташып, ишти териштирүү учурунда ар тараптуу жардам көрсөтүп келет.

Пайдалуу
Ссылкалар