Эмгек министри Г. Баатырова “Келечек” РБ кызмат алуучуларын Сокулук реабилитациялык борборуна убактылуу жайгаштырууну тапшырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек шаары боюнча ЖЭБге бир гана социалдык объект – “Келечек” реабилитациялык борбору кошулган.
Учурда «Келечек» реабилитациялык борборунда 33 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала стационардык дарыланууда, анын ичинен план боюнча бүгүн 17 баланын реабилитациясы аяктап чыгарылыш керек болчу.
Министрликтен маалымдашкандай, эртең менен баштап борбордогу абал министр Гүлнара Баатырованын көзөмөлүндө.
«Келечек» реабилитациялык борбору ЖЭБтин борбордук жылытуу системасына кошулгандыктан, калган 16 мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен балдарды Сокулук реабилитациялык борборуна убактылуу которуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Калган интернаттар штаттык режимде иштеп, бардык социалдык мекемелерде жылуулук нормалары сакталган.
Пайдалуу
Ссылкалар