Эмгек министрлиги: 651 миң кыргызстандык дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштеп, окуп жатат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдиргендей, акыркы мезгилде кыргызстандыктардын миграциялык агымы өзгөрө баштады.
«Бүгүнкү күндө биздин мекендештер дүйнөнүн 33 өлкөсүндө – Россияда, Казакстанда, Түркияда, АКШда, БАЭде (Бириккен Араб Эмираттары), Түштүк Кореяда, Италияда, Австрияда, Улуу Британияда ж.б. Биз Россия Федерациясына баргандардын азайгандыгын байкап жатабыз, учурда ал жакта 408 миң адам бар.
Казакстанда 65 миң, Түркияда 60 миңге чейин, АКШда 36 миң, Австрияда 10 миң, Италияда 5 миң, Венгрияда 3 миң, Францияда 1,5 миң адам жашайт.
Ошол эле учурда Министрлик тарабынан “Мекен карт” долбоору ишке ашырылууда. «Мекен карт» статусун алган чет өлкөлүк жаран, Кыргыз Республикасына эркин кирүүдө жана чыгууда, жашап турууга уруксатты тариздебестен, жашоодо жана эмгектенүүдө, ишке уруксат алууда, ошондой эле билим берүү жана медицина кызмат көрсөтүүлөрүн алууда кыргыз жарандарындай эле бирдей укук берилет. Бул макамды алуу процесси чет өлкөлүк жарандар – Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери үчүн кыйла жеңил жана жеткиликтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө 53 жаран документти алды”, – деди ал.
Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, министрлик чет өлкөдөгү кыргызстандыктар түзгөн 198 диаспоралык жана коомдук уюмдар менен кызматташат.
Возможно, это изображение 3 человека и чемодан
Пайдалуу
Ссылкалар