Эмгек министрлиги дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктардын 198 диаспорасы менен кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Министрлик чет өлкөдөгү кыргызстандыктар түзгөн 198 кыргыз диаспора уюмдарынын коомдук бирикмелери жана жергиликтүү бирикмелери менен кызматташат.
Алардын ичинен КМШ өлкөлөрүндө 135 бирикме бар, тактап айтканда – Россияда-124, Казакстанда-7, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Украинада бирден.
Эмгек министрлиги ошондой эле Европадагы мекендештердин 37 уюму (Италия, Улуу Британия, Германия, Австрия, Чехия, Франция, Бельгия, Словакия жана башка өлкөлөр) менен кызматташат.
Түркия, Түштүк Корея, Канада, АКШдагы кыргызстандыктардын диаспоралары менен тыгыз байланыш түзүлдү. Ошондой эле Египет, Япония жана Малайзиядагы уюмдар менен иштер жүрүүдө.
Возможно, это изображение больница и текст «кыргыз республикасынын эмгек, социалдык сыздоо жана миграция министрлиги министерство труда, социального обеспечения и миграции кыргызской республики»
Пайдалуу
Ссылкалар