Социалдык кызматкерлер Бишкектин бардык жалгыз бой улгайган жарандарын текшеришти – Эмгек министрлиги

Бүгүн, 2-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын тапшырмасы менен социалдык кызматкерлер Бишкек ш.мэриясы менен биргеликте социалдык кызмат алган бардык жалгыз бой улгайган жарандарды текшерди.
Жалпысынан борбор калаада үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алган 573 адам бар. Бул жалгыз бой улгайган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жалгыз бой кары жубайлар.
Алардын ичинен 370 кызмат алуучу борборлоштурулган жылытууга кошулган үйлөрдө жашайт. Калгандарында газ, электр же меш менен жылытуу бар.
Возможно, это изображение 2 человека
Пайдалуу
Ссылкалар