Эмгек министрлиги: Свердлов районунун жалгыз бой улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жылыткычтар берилди

Бүгүн, 3-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева үйүндө социалдык кызматкерлердин кызматын алып жаткан жалгыз бой улгайган жана ДМЧ жарандарга барды.
Бишкек шаарынын бул топтогу жарандарынын муктаждыктары аныкталганына жараша Министрлик аларды жылыткычтар менен камсыз кылат.
Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен алты улгайган жарандарга жылыткычтар берилди.
Муктаж болгондордун тизмеси кечээ Бишкек ЖЭБдеги авариядан кийин социалдык кызматкерлер барган жалгыз бой улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мониторинг жүргүзүү учурунда түзүлдү.
Жалпысынан борбор калаада үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алган 573 адам бар. Бул жалгыз бой улгайган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жалгыз бой кары жубайлар.
Алардын ичинен 370 кызмат алуучу борборлоштурулган жылытууга кошулган үйлөрдө жашайт. Калгандарында газ, электр же меш менен жылытуу бар.
Пайдалуу
Ссылкалар