Эмгек министрлиги: 2024 – жылы 3 миң жаш кыргызстандык иш менен камсыз кылуунун инновациялык чаралары менен камсыз болот

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы механизмин киргизет. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жаштардын стажировкасы жаңы механизм болуп, анда аларга жашоо минимумунун өлчөмүндө эмгек акы төлөнөт.
Практика жүзүндө кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, адистердин насаатчылыгы астында турмуштук көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, зарыл болгон учурда алгачкы этапта жумушсуз жаш жарандар эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү кесиптик окуулардан өтө алышат жана окуу учурунда стипендия төлөнөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 100 окуу жайда суроо-талапка ээ болгон 125 кесип боюнча кыска мөөнөттүү окутуу уюштурулган. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, кесиптик окуу жайларын аяктагандардын 68%ке чейини жумуш менен камсыз болгон.
Иш менен камсыз кылуу боюнча жаңы чара Дүйнөлүк банктын “Социалдык камсыздоо жана эмгек рыногунун программаларын чыңдоо” долбоорунун алкагында жаштардын көндүмдөрүн өнүктүрүү жана ишке орноштуруу максатында ишке ашырылат.
молодежи.
Возможно, это изображение 2 человека и текст
Пайдалуу
Ссылкалар