Эмгек министрлиги Борбордук Азияда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча биринчи Мамлекеттик борборду ачат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) гендердик теңчилик маселелери боюнча улук координатору Джамилья Бигио айым менен жолугушууда билдирди.
” Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу боюнча Эл аралык эмгек уюмунун №190 Конвенциясы КР Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынып, КР Президентинин кол коюусуна даярдалып жатат. Мындан тышкары БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын техникалык колдоосу менен Министрлик тарабынан “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча Мамлекеттик борборду ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
“Бирдиктүү терезе” ачылгандан кийин,жабыр тарткан аялдар менен кыздар бардык зарыл болгон кызматтарды бир жерден алышат, тактап айтканда тергөө иш-чараларын жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтарды, юридикалык жана психологиялык жардамды алышат. Бүгүнкү күндө, мындай Борбор бүтүндөй Борбор Азияда биринчи болот. “, – деди Жаңыл Алыбаева.
Ошондой эле 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорун ишке ашыруу алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Пайдалуу
Ссылкалар