«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын январь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын январь айында 6744 телефондон кайрылуу (бир суткада 217 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 204 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 37 же 18,1% жаш балдар, ал эми 167 же 81,9% чоң кишилер), 164 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 20 абонентке психологиялык консультация берилген, 20 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

204 чалуунун ичинен: эркектерден – 45 (22,1%), аялдардан – 122 (59,8%), эркек балдардан – 16 (7,8%), кыздардан – 21 (10,3%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 72 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 32 (балдар 4);

-психологиялык жабырлануу менен – 17 (балдар 14);

– билим берүү системасы жөнүндө – 16 (балдар 3);

 – балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 11 (балдар 8);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 9 (балдар 4);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 9 (балдар 1);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 8 (балдар 0);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 8 (балдар 2);

– башка маселелер боюнча – 7 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 6 (балдар 0);

– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 5 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 3 (балдар 1);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 0).

6540 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 49 (24,0%);

– Чүй облусунан – 35 (17,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 23 (11,3%);

– Ош облусунан – 20 (9,8%);

– Ысык – Көл облусунан – 14 (6,9%);

– Ош шаарынан – 9 (4,4%);

– Талас облусунан – 8 (3,9%);

– Нарын облусунан – 5 (2,4);

– Баткен облусунан – 4 (2,0%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 37 (18,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар