Эмгек министрлиги: Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Министрлер Кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 5-февралынан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү  3700 сомдон 4500 сомго жогорулады.

Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын
1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.

Пайдалуу
Ссылкалар