Эмгек министрлиги: 21 кызмат электрондук форматта жеткиликтүү

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, азыркы учурда министрликке тиешелүү 21 кызмат  КР электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн (portal.tunduk.kg) мамлекеттик порталында жеткиликтүү.

Аталган чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) процесстери автоматташтырылган (088/у формасы).

Өткөн жылы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган режимде 7,2 миллиондон ашык транзакциялар жүргүзүлгөн.

Учурда республика боюнча 46 райондук бөлүмдөрдү камтыган «Оор турмуштук кырдаалдагы балдар» автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) активдүү ишке ашырылууда.

Министрлик эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги KOICA менен биргеликте беш сервисти автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө:

“үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу; “социалдык жөлөкпул”; жарандарды жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкаттарды берүү; кесиптик даярдоого, квалификациясын жогорулатууну кайра даярдоого жиберүү; акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу программаларынын алкагында жарандарга убактылуу иш менен камсыз кылуу.

 

Пайдалуу
Ссылкалар