Эмгек министрлиги Москвадагы эмгек мигранттарына санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала аларын маалымдоодо.
Ал үчүн Министрликтин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнө Малая Полянка көч., үй №7 б.№5 дареги боюнча баруу керек.
Каттоо ар бейшемби күнү саат 11.00 дөн 17.00 гө чейин жүргүзүлөт.
Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана көрсөтүү керек (18 жаштан баштап чет өлкөлүк жарандар үчүн):
*Чет өлкөлүк жарандын паспорту
* Эмгек келишими (жарандык укуктук келишим эмес, контракт эмес, ж. б.)
* Жеке эсептин камсыздандыруу номери (ЖЭКН- СНИЛЗ) (сөзсүз)
* Чет өлкөлүк жарандын келүүсү жөнүндө кабарлоо бланкынын айрыма бөлүгү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полиси:
* Россиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга;
* диспансеризациядан жана профилактикалык текшерүүдөн өтүү;
* адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн дарылоо мекемелерин тандоо.