Эмгек министрлигинин маалымат күркөлөрүнөн мигранттар кандай маалымат ала алышат

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Орнотулган күркөлөр:

* Бишкек шаарынын аэропортунда – 2;

* Ош аэропортунда – 2;

* Баткен аэропортунда -1;

* Жалал-Абад аэропортунда – 1;

* Бишкек шаарынын темир жол бекетинде -1;

* Эмгек министрлигинин чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунда Бишкек шаарында – 1 жана борбордун Ош шаарындагы филиалында -1.

Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө маалымат берет.

Кандай маалыматтарды алууга болот:

  • жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар үчүн бир жолку төлөм алуунун тартиби жөнүндө маалымат («жүк 200»);
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин тизмеси жана алардын даректери (элчиликтер, консулдуктар, диаспора уюмдары ж.б.);
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясына байланыштуу актуалдуу жаңылыктар;
  • коопсуз миграция маселелери боюнча маалымат, ишенимдүү байланыш операторлорунун телефон номерлери;
  • коопсуз миграция жөнүндө кыска видеолорду көрүүгө болот.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар