Эмгек министрлигине келип түшкөн документтердин 90% дан ашыгы аткарылды

Бул тууралуу Министрликтин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясы бүгүн, 22-февралда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рысбекованын катышуусунда өтүүдө.
Министрдин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, 2023-жылдын 12 ай ичинде Министрликке (министрликтерден, ведомстволордон жана башка уюмдардан) жалпысынан 27 миңден ашык документ келип түшкөн.
“Келип түшкөн документтердин 90,5% аткарылды, калгандары ишке ашыруу баскычында. Белгилей кетсек, 2022-жылга салыштырмалуу 10,3 миң документке көп алынган.
Өткөн жылы Министрлик тарабынан 68 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан, алардын ичинен 28и кабыл алынган, калгандары макулдашуунун жана иштеп чыгуунун ар кандай баскычтарында”, – деди ал.
Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, министрликтин кызматкерлери коомдук кабылдамага, ишеним телефону аркылуу жарандардын 10 миңге жакын оозеки, жазуу кайрылууларын карап чыгып, иштеп чыгышкан.
Возможно, это изображение 1 человек
Пайдалуу
Ссылкалар