Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы башталды
Бүгүн, 22-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы башталды.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рысбекова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, аппараттын, ведомствонун аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери катышууда.
Коллегиянын жүрүшүндө социалдык коргоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу, миграциялык саясат жаатындагы өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктары каралат.
«Социалдык контракт» программасынын жетишкендиктери, медициналык-санитардык эксперттик комиссияларды реформалоо, коррупциянын тобокелдиктерин алдын алуу, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин модернизациялоо, аткаруу тартиби жөнүндө маселелер дагы каралат.